Үсөнбаев: Коронавирус байланышта болгон жактардан жугууда
- 4 года мурун
- Баяндар
Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат. Ошондуктан саламаттык сактоо министрлиги жарандардан өз ара байланышты азайтууну өтүндү.
-Коронавирус каяктан жугуп жатат?
-Коронавирус жуктуруп алуунун көпчүлүгү байланышта болгон жактардан аныкталып жатат. Ошондуктан биз бардык байланышта болгондорду аныктоого аракет кылып, көзөмөлдөп жатабыз, мындай учурда бизге кээде атайын кызматтар жардам беришүүдө, — деп жооп берди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Ошондой эле жарандар бири-бири менен көп байланыщта ьлуп жаткандыгы белгиленди.
-Оорунун жогорку чокусунан кутула алдык. Акыркы күндөрү илдеттин саны 30 учурдан ашкан жок.
Бирок жарандар бири-бири менен абдан көп байланышта болуп жатат, бул эпидкырдаалды начарлатышы мүмкүн.
Жарандардын санитардык эрежелерди сактап, байланышты азайтышы керектигин өтүнүп кетет элем, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Кыргызстанда 5-майга карата COVID-19 жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 843кө жетти.
Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бир бейтап каза болду. Каза тапкандардын жалпы саны 11 ге жетти.