Коронавирустан бир киши каза тапты

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1 бейтап каза болду.

-Анын ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 11 киши көз жумду.

Кыргызстанда 5-майга карата COVID-19 жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 843кө жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты