​Жалпысынан 217 медкызматкерге коронавирус жукту

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда 5-майга карата COVID-19 жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 843кө жетти.

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бир бейтап каза болду. Каза тапкандардын жалпы саны 11ге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты