Бир суткада 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Ош шаарында – 18, Ош облусунда-3, Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда -2.
Республика боюнча жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Кыргызстанда 5-майга карата COVID-19 жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 843кө жетти.
Өткөн сутка ичинде Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы 1бейтап каза болду. Каза тапкандардын жалпы саны 11ге жетти.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү