​120, 8 млн доллар тышкы жардам бюджет чыгымдарын жабууга багытталды

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанга реалдуу түрдө 120,8 млн доллар тышкы жардам келди. Бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды.

Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

— Өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, биз тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатабыз. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды, — деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген.

-Акча каражаты катары тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл, — деп белгиледи Асрандиев маалымат жыйынында.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты