​Асрандиев: Кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат

  • 4 года мурун

Кыргызстанда кирешелер боюнча көптөгөн жоготуулар болуп жатат. Алсак, бажы жана салык линиясы боюнча 10 млрд сомго жакын акча алынган жок.

-Бажы линиясындагы төмөндөө биринчи кезекте чек аранын жабылышына байланыштуу жүрүүдө. 2020-жылга карата план боюнча 45-50%га төмөндөө болду.

Экинчи орунда – салык линиясы, бул да кыйыр түрдө чек аралардын жабылышына байланышкан. Импорт кыскарды, ал эми импорттун 70%ы Кытайдан келет, бул ички өндүрүшкө өтө таасирин тийгизет, анткени тийиштүү толуктоочу заттарды сатып алуу мүмкүн эмес.

Экономикалык түшүүлөргө чектөө коюлуп жаткан салыктык жыйымдар төмөндөгөндүгүн белгилөө зарыл, — деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, бюджеттин корголгон беренелерине – пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыга, айына 7,5 млрд сом сарпталат.

-Жыл башынан бери катуу үнөмдөө жүрүүдө, сатып алуу, иш сапарлар жана башка чыгымдардын түрлөрү токтотулду, — деп жыйынтыктады ал.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты