Кайсы аймактарда коронавируска кабылгандар көп?
- 4 года мурун
Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 590 учур катталды.
Аймактарга бөлгөндө алар мындай:
Ош облусу – 150;
Бишкек шаарында – 123;
.Жалал-Абад облусу – 105
Ош шаарында – 93
Нарын облусу – 73
Чүй облусунда – 32
Ысык-Көл облусунда – 8
Баткен облусунда – 6
Алардын ичинен 321 – аял киши, 269 – эркек киши.
21-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 590го жетти.
Кыргызстанда жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 7 киши каза тапты.
Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.
15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.