​Кайгуул милициясы кандай документтерди текшерет?

  • 4 года мурун

Бишкек шаары боюнча кайгуул милициясынын инспекторлору жолдо коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймыл эрежелерин бузууну алдын-алуу жана токтотуу иш-чараларды жүргүзөт.

Төмөнкү документтер текшерилет: инсандын күбөлүгү, иштеген, жашаган жеринен маалымкат, маршруттук баракча, айдоочунун күбөлүгү, унаа документтери, адистик өткөрмө. Ошондой эле кайгуул милициясы жол эрежесин бузгандыгы боюнча айыптын төлөнүшүн карайт.

Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

15-апрелден тартып Бишкек шаарында коменданттык саат 2 саатка кыскартылды. Эми ал 21:00дөн 6:00гө чейин созулат.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты