​Ош шаарына жана Ноокат районуна дарыгерлер тобу барды

  • 4 года мурун

Ош шаарына жана Ноокат районуна саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев баштаган дарыгерлер тобу барды.

“Биз учурда ооруп жаткан бейтаптарды тез сакайтуу үчүн жана толук байланыш түзгөн адамдарды таап, өзгөчө тартипте иш жүргүзүүнү улантып жатабыз» деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ошондой эле ал учурда эпидемиологиялык очоктордо иштеп жаткан бардык медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен Ош облусунда барынан көп– 130, Ош шаарында-71.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты