​Коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Ал калктын арасында жүрүп жатат

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди. Азыр дартты жуктуруу жергиликтүү калк ичинде жүрүүдө.

Анын айтымында, азыркы күндө эпидемиялык абалдын түзүлүшү ушундай болуп жатат:

-Бүгүнкү күндө жалпы республикага кирип келген биринчи толкундагы инфекция очокторун аныктап, экинчи катарда турган жакын адамдарды таптык.

Кийинки этапта — үчүнчү толкун катары жергиликтүү жалпы калк арасындагы катталып жаткан учурларды аныктоодобуз.

Бүгүнкү күндө эпидемиянын чек араларын, чегин тактап калган учурга келдик. Ооруларды, алар менен байланышта болгондорду тактап чыктык.

Эми чектердин ичинен алдын ала эпидемиялык иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Ошол учурда медицина кызматкерлери да жугузуп алган учурлар болууда. Биз болгон аракетттерди көрүп жатабыз.

Азыр дартты жуктуруу жергиликтүү калк ичинде жүрүүдө.

Медициналык кызматкерлер эпидемияга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги, андай учурлар болбошу үчүн бардык чараларды көрүүдө,- деди Нурболот Үсөнбаев

15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

Коронавирус жугузган медицина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98кө жетти.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты