​Жээнбеков: «Катаал сыноону баштан кечирип жатабыз»

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынына Президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана аны менен күрөшүү чаралары боюнча пикирин билдирди.

-Биз үчүн эң кымбат нерсе — бул жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү, — деди Сооронбай Жээнбеков

-Азыр коронавирус илдетине каршы вакцина табыла элек. Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы — санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат. Жарандарыбыз өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн — кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилген жок.

Азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети, тартип сакчыларынын эмгеги, жалпы коомубуздун буга чейин жасаган аракеттери текке кетет. Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам. Муну баарыбыз түшүнөлү. Ошондуктан, өзгөчө абал киргизилген шаарларда жана райондордо бул режимди 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алдым. Тиешелүү жарлыкка кечээ кол койдум, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу — оңой чечим болбогонун билдирди.

-Жарандарыбыздын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештерибиздин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды.

Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат.

Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат,-– деди.

Ар бир аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп, даректүү иш-аракеттерди жасаларын да белгиледи:

-Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында, айрым субьектилерге уруксат берүү мүмкүнүчүлүгү каралат.

Бирок, коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режимди колдонууга барабыз. Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөөнү улантабыз, – деп билдирди.

14-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна киргизилген өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу менен Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол коюлган.

Сүрөт: kenesh,kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты