Бир суткада 15 медицина кызматкери вирус жугузду
- 5 лет мурун
15-апрелге карата бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 15ти түздү:
Анын ичинен:
Ош шаарында- 10;
Бишкек шаарында – 3:
Ош облусунда- 2
15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.
Коронавирус жугузган медцина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98 кө жетти.
Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.
15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.
Сүрөт Интернет булактарынан.