Жумушчу орундарды сактап калган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сунушу айтылды

-Салыктык каникул, узартып төлөө чаралары бул жөн гана карызга батыруу. Бүгүн ишкана иштебесе, эртең кайсы салыкты төлөйт? Эгер кийин карыз болгон салыгыңды төлө десек, ал ишкана жабылат. Анда иштеген кызматкерлердин баары жумушсуз калат. Алар кайда барат, көчөгө чыкса кантип туруктуулукту сактайбыз? -деди депутат Жеенчороев.

Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин комитеттер отурумунда депутат Мирлан Жеенчороев өкмөткө бир катар сунуштарды берди.

Бюджеттеги корголгон беренелерге кирген айлык-маяна, жөлөк-пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, курулуштарды, жол салууну убактылуу токтотуу менен катар өндүрүштү салыктан бошотуу тууралуу кескин чараларга баруу керектигин айтты.

Андыктан, 70-80%га чейин жумушчу орундарын сактасаң 31-декабрга чейин салыктан бошотобуз деп ишкерлер менен келишим түзүп, жумушчу орундарын сактап калышыбыз керек, — деди депутат.

Жеенчороев айыл чарба тармагына керектүү каржы жана күйүүчү май жагынан дыйкандарды колдоо зарылчылыгын да кошумчалады.

Муну менен катар депутат оор кылмыш кылгандарды калтырып, аманаттын негизинде жеңил кылмыш жазаган жарандарды атайын мыйзам менен карап чыгып абактан бошотуу сунушун берди.

Ошондой эле чет өлкөдөн мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды ошол жактарда убактылуу жашап турууга каржылык көмөк көрсөтүү менен көйгөйдү чечүү мүмкүндүгүнө токтолду.

Тармактык комитеттердин биргелешкен жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралалууда

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Бүгүн, 14-апрелде, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Сүрөт; kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты