Кыргызстанда коронавирустун 38 жаңы учуру катталды (Видеографика)
- 5 лет мурун
- Мультимедиа
12-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Анын ичинен:
Нарын облусунда – 13;
Ош шаарында-12;
Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусунда – 3;
Ош облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда -2 .
Жаӊы 38 учурдун ичинен 25 аял, 13 эркек. Бардыгы 377 болду.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.