​Абылгазиев: «Карантинди токтото албайбыз»

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын жыйынында карантин мөөнөтү токтотулбай турганын билдирди.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча, карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон киши табылганга чейин иштейбиз” деди премьер-министр.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абвл режими 15-апрелге чейин деп белгиленген.

11-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталып, жалпы саны 339 га жетти.

Сүрөт:gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты