Коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок
- 5 лет мурун
25-мартка саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 42 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 2 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.
Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү штабынан билдиришти.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24-мартта 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.
Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү