​Кыргызстандан дагы эки кишиден коронавирус чыкты. Бардыгы 16 киши болду

  • 4 года мурун

Кыргызстандан дагы эки кишиден коронавирус чыкты. Бардыгы 16 киши болду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстандын Ноокат районунда, Ош облусунда коронавирус жуктурган дагы эки киши катталды. 1960-жылкы аял жана эркек. Алар кичи ажыдан келгендер. Бардыгы — 16 киши болду.

23-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус катталбаганы айтылган.

Кыргызстанда буга чейин Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты