​Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Жалпы саны 14

  • 4 года мурун

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген жарандар.

Эске салсак, буга чейин Сузак районунда 8, Ноокат районунда — 3, Баткен районунда 1 учур катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты