Кайсы товарды экспорттоого чектөө киргизилди?
- 5 лет мурун
Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.
Экспорттоого убактылуу тыюу салынган товар тизмеси:
- Буудай жана меслин (буудай жана кара буудай аралашмасы-ред.)
- Буудай уну
- Өсүмдүк майы
- Күрүч
- Макарон
- Кумшекер
- Тооктун жумурткасы
- Йоддолгон туз
9. Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
- Салфетка жана бактерияга каршы каражаттар
- Дезинфекциялоочу каражаттар
Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралышынан жана Кыргызстанда чыкканынан улам, 22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген.
Кыргызстанда коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү