​Өкмөт: “Чогулган акчанын бир сому да коротула элек”

  • 4 года мурун

Өкмөт жарандаран жана уюмдардан түшүп жаткан жардамдар тууралуу маалымат берди.

-Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет, — деп айтылат маалыматта.

Финансы министрлиги 2020-жылдын 22-мартына (саат 14.00гө) карата коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн каражаттын суммасы 5 млн 294 миӊ 358 сомду түзгөнүн билдирген.

КР аймагында коронавирустун жайылышын жана келишин алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн акча каражаттарын которуу максатында атайын эсеп ачылды.

Эсепке ошондой эле чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар да түшөт.

Бардык чогулган каражаттар саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат.

Эсептин номери: 4402011000101373

Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты