Санитардык-карантиндик посттор кайсы жерлерде коюлат?
- 5 лет мурун
Кыргызстандын аймагында 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат:
Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);
Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);
Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);
Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);
Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунун Сары-Чат айылы);
Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);
Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).
Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.
Аталган посттордо ӨКМ, ИИМ органдарынын, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары болот.
Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабы билдирди.
Бүгүн Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилди.
Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.
Сүрөт: республикалык штаб.