​«Сорос-Кыргызстан» фонду жугуштуу дарт ооруканасына ИВЛ аппаратын берди

  • 4 года мурун

20-мартта “Сорос-Кыргызстан” фонду өзгөчө кырдаалдар фондунун корунан республикалык жугуштуу дарттар ооруканасынын реанимация бөлүмүнө ИВЛ аппаратын берди.

Бул аппарат өпкөнү жасалма түрдө дем алдырууга багытталган.

Коронавирус дарты, эгер жапырт жайылып кете турган болсо, негизги күч жугуштуу дарттар ооруканасына жүктөлөт.

Оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиевдин айтымында, республикалык жугуштуу дартттар клиникасында 12 ИВЛ аппараты бар.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны алты кишиге жетти

20-мартта дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 10 030 га жетти. Айыккандардын саны 86 025 киши болду.

Коронавирус 160 өлкөдө катталды. Кытайда 81 193, Италияда 41 035, Иранда 18 407, Испанияда 18 077, Германияда 15 320, АКШда 14 250, Францияда 11 010 ж.б. болду.

Ошондой эле Россияда 199, Казакстанда 44, Өзбекстанда 23, Кыргызстанда алты учур катталды.

Сүрөт: «Сорос-Кыргызстан» фонду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты