Азия өнүктүрүү банкы коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга 6,5 млрд доллар бөлөт

  • 4 года мурун

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) коронавирус менен күрөшүүгө баштапкы жардам катары Кыргызстанга 6,5 миллиард доллар бөлөт.

Бул тууралуу АӨБ басма сөз кызматы маалымдады.

“Бул пандемия олуттуу глобалдык көйгөй болуп калды. Бул улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдерде чечкиндүү иш-аракеттерди талап кылат” деп айтты АӨБ президенти Масацугу Асакава.

Андан ары бул максатта Кыргызстанга 6,5 млрд доллар алгачкы жардам бөлүнөрү айтылды. Мындан тышкары дагы “финансылык каражат бөлүүгө даяр экенин” белгиледи.

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты