Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн. доллар сатты
- 4 года мурун
Улуттук банк 19-мартта 3,7 млн доллар сатты. Борбордук банктын сайтындагы маалыматка караганда бул — 19-мартта валюта базарына чыгарылган акчанын суммасы.
Мурдараак Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеваеые айтуусунда, валюталардын кымбатташы — ири экономикалык өлкөлөрдүн жана коңшулаш мамлекеттердин валюталарындагы кескин серпилүүгө байланыштуу. Ушундан улам Кыргызстандын ички валюта базарында чет элдик валюталарга суроо-талап күч алган.
19-март күнү түштөн кийин улуттук валюта доллар менен еврого карата күчүн кескин жоготту. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сата баштаган.
Бир нече жылдардан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келген доллар 10-мартта кескин кымбаттаган. Улуттук банк ал күнү сомдун кунун кармоо үчүн акча базарына 53,7 млн. доллар саткан. Натыйжада 1 АКШ долларына карата 72,85 сомдук курс бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Долларды улай көтөрүлгөн евро 79 сомдун айланасында сатылып жаткан.