Социалдык камсыздоо кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү
- 2 месяца мурун
2026-жылдын 1-апрелинен тартып калкты социалдык коргоо кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.
Президенттин 26-марттагы бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча жарлыгынын негизинде Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги токтому кабыл алынган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун, «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун, «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн социалдык кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.
Жалпысынан эмгек акысын жогорулатуу бул мекемелердин 3400дөн ашуун кызматкерин камтыды.
Кызматтык маяналардын эселөө коэффициенттерин жогорулатуу менен кошо, административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом президенттик компенсация төлөмү кошумча киргизилди.
Министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландаштырылган, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү каралууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




