​Доллар жана евронун сатуу баасы кескин көтөрүлдү

  • 4 года мурун

Кыргызстанда доллар жана евронун сатуу баасы кескин көтөрүлүп кетти. Доллардын сатуу баасы 85 сомго, ал эми евро 92-94 сомго чыкканын Valuta.kg порталы жазды.

«Демирбанк», «Бай түшүм», «Компаньон», «Кыргызстан» банктарынын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 92 сомго чыкты.

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарган.

«Учурда өлкөнүн валюта базарында абал туруктуу. Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. 9-мартка карата эл аралык резерв 2 428,26 млн. долларды түзүүдө» деп билдирген Улуттук банк.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айткан.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты