​Өмүрбек Бабанов коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сом бөлүүнү чечти

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүгө 5 млн сом бөлө турганын «Фейсбук» баракчасында билдирди.

“Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз.

Ынтымагыбызды жана акылмандыгыбызды сынай турган учур болуп жатат.

Биз бардыгыбыз башыбызды бириктирип, бул тумоону жеңишибиз керек!

Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, бизнесменибиз да колдоого алышы керек.

Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм.

Андыктан биз 5 млн сом бөлүүнү чечтик, анын ичинен баатыр дарыгерлерибиз үчүн саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 3 млн сом бөлүнөт, ал эми 2 млн сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат» деди Өмүрбек Бабанов

18-мартта Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталды. Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

19-мартка карата дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 8810 кишиге жетти. Коронавирустан 84 113 киши айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты