Акрам Мадумаров: «Сузактагы абал көзөмөлдө»

  • 4 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров үч кыргызстандыктын коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталганына жана райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу Сузак районунда жүрүп билдирди.

Вице-премьер-министр райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, бир катар чектөөлөр киргизилген Благовещенка, Орто-Азия, Бостон калктуу аймактарына барды. Акрам Мадумаров коомдук коопсуздукту камсыздоо шарттары, орнотулган 19 өткөрмө пункттун иши менен таанышты.

Ал коронавируска кабылган үч кыргызстандыктын саламаттыгы тууралуу медицина кызматкерлери менен сүйлөштү.

Вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында облустук штабдын жыйыны өттү.

Сузак районунда жарандардын коопсуздугу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөн. Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди ж.б. объекттерди коргоону, унаа ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, Сузак районунун аймагына кирүүнү, ошондой эле районго кирүүгө райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө сыяктуу чаралар көрүлдү.

18-мартта министр Чолпонбаев коронавирустун алдын алуу штабынын жыйыныныда Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталганын билдирди.

Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты