Жаза аткаруу кызматы камактагылар менен жолугушууга убактылуу тыюу салды

  • 4 года мурун

Жаза аткаруу кызматы камактагылар менен жолугушууга убактылуу тыюу киргизди.

Бул тууралуу алардын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле мекеменин ичинде маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларга тыюу салынды.

“Атайын контингентке тез бузулуучу азык-түлүк берүүнү жана кабыл алууну убактылуу токтотту. Тез жана узак мөөнөттүү жолугушуу токтоду, бир гана тергөө жана башка кылмыш-процессуалдык кодексинин иш-аракеттери уланууда. Мекемеде санитайзер жана абаны тазалоочу жабдыктар орнотулду. Кызматкерлер жана имаратка киргендер дезинфекциялык каражат жана медициналык беткап менен камсыз болду. Мекемеде жетиштүү өлчөмдө азык-түлүк, дары-дармек жана башка зарыл керектүү нерселер бар” деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургунунан коронавирус табылган. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген. Ал үчөө менен бир учакта 135 киши келген. Алардын баары обсервацияга алынган.

Сүрөт: Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты