​Казакстанда 16-марттан баштап өзгөчө абал киргизилет

  • 4 года мурун

Коронавируска байланыштуу Казакстанда 16-марттан баштап өзгөчө абал киргизилет. Жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев койду.

Бул тууралуу “Спутник-Казакстан” билдирди.

16-марттан баштап күчүнө кире турган чечим 15-апрелге чейин созулат.

Казакстан өлкөгө кирүүгө чектөө киргизет жана ири көңүл ачуучу жайлардын ишин убактылуу токтотот, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салат, карантин чараларын жүргүзөт.

Өзгөчө абал учурунда мамлекеттик комиссия түзүлөт. Комиссияны өкмөт башчы Аскар Мамин жетектейт.

Казакстан саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 15-мартта коронавирусту 8 киши жуктурган, анын алтоо Алматыда, экөө Нурсултанда). Дагы бирөө Германияда дарыланууда.

Казакстанда коронавирус жуккан алгачкы учур Германияга барып келген казакстандыктан табылганы маалымдалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты