​Германияга барып келген эки казакстандыктан коронавирус чыкты

  • 4 года мурун

Казакстанда коронавирус жуккан эки учур катталды. Алар Германияга барып келген казакстандыктар.

Бул тууралуу шашылыш басма сөз жыйынында Казакстан саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

Бул тууралуу Kapital.kz. жазды.

— Бүгүн тыкыр текшергенден кийин коронавирус ырасталды. Жарандар Германиядан келген, алардын анализи коронавирус инфекциясы бар экенин аныктады. Алар Алматыдагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Инфекция жугузгандардын клиникалык белгилери билинген жок, өздөрүн жакшы сезип жатат,-деди Казакстан саламаттык сактоо министри.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты