​Иранда коронавирус жугузгандардын саны көбөйдү

  • 4 года мурун

Иранда коронавирус жугузгандардын саны 139 кишиге жетти, анын ичинен 19 киши каза тапты.

Бул тууралуу Ирандын саламаттык сактоо министри Киануш Жаханпур билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

“Кечээ түштөн кийинден бери коронавирус жугузган 44 учур катталды, ошону менен коронавирус жугузгандардын саны 139 га жетти” деди Ирандын саламаттык сактоо министри Жаханпур телевидениеде сүйлөгөн сөзүндө.

Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотуп, Түштүк Кореяга каттамдарды азайтат.

Кыргызстанда Жапония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты