Казакстан 1-марттан тартып Иран менен аба байланышын токтотот

  • 4 года мурун

Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотуп, Түштүк Кореяга каттамдарды азайтат.

Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар аталган өлкөлөрдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу.

«Түштүк Кореяга каттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азаят. 1-мартка чейин жарандарыбыздын кайтып келишине мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Иранда болсо 170 жараныбыз бар. Алар да 1-мартка чейин кайтып келиши керек», — деди Бекшин.

Ал учурда Тышкы иштер министрлиги коронавирстун жайылып жаткандыгына байланыштуу башка өлкөлөр менен да аба байланышын токтотуу ыктымалдыгын карап жатканын кошумчалады.

Февралдын башында Казакстан Кытай менен аба байланышын, ага чейин автобус каттамдарын токтоткон. Январдын аягында эки өлкөнүн чек арасындагы «Хоргос» базары жабылган.

Бийликтин маалыматына караганда, Казакстанда бул вирусту жуктуруп алгандар жок.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болуп, 30 миңдейи айыгып чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Кыргызстанда Жапония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады.

Сүрөт: Жандарбек Бекшин.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты