​Илмиянов жети жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле 1600 эсептик көрсөткүчтө айып пул салып, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмү кабыл алынды.

Жазык кодексинин 204-беренеси, (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен күнөөлүү деп табылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын 8-августунда «Дизель комплект» компаниясынан 150 миң доллар алган деп шектелген. .

«Мага коюлуп жаткан айыптын фактысы жок» деп билдирген Икрамжан Илмиянов соттогу акыркы сөзүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты