Илмиянов УКМК менен кызматташууда

Илмиянов УКМК менен кызматташууда

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы экс президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тергөө ишинин алкагында Коопсуздук кызматы менен активдүү кызматташып жаткандыгын билдирди.

Маалыматтарда айтылып келаткан  каражаттар кайсы жакка которулганы аныкталып жатканын, Илмияновдун каражатты алганы тууралуу далилдер жетиштүү экенин УКМК басма сөз катчысы белгиледи.

Буга чейин 2017-жылдын 8-августунда президенттик шайлоо  штаб башчы орун басары Икрамжан Илмиянов  “Дизел комплект” компания өкүлдөрүнөн демөөрчүлүк иретинде 150 миң доллар алганы маалымдалган.

КСДП партиясы бул акчаны азыркы президент Жээнбековдон сураш керек экенин билдирген.

Икрамжан Илмиянов 20- октябрда УКМКнын тергөө абагына камалган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты