Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелден 8-апрелге караган түнү “Апрель” телеканалынан билдирүү жасады.

“Бүгүн бийлик Конституцияны бузуп, мени кармаш үчүн, Атамбаевдин оозун басыш үчүн, курал алып кирип, өз элин аткылай баштады. Адегенде резина ок менен, андан кийин кадимки ок менен.

Бул — уят жана кайгылуу окуя. Атамбаев –террорчу эмес. Анын тегерегине чогулгандар да террорчу эмес.

Саат 19:30 да эл адаттагыдай эле мени менен сүрөткө түшкөнү келишкен. Күнөөсүз адамдар жабыркап калышты, — деди ал.

Андан кийин Атамбаев Батукаевдин иши боюнча жооп берүүгө даяр экенин билдиргенин айтты.

“Мен бир нече жолу Батукаев боюнча иште жазуу түрүндө жооп берейин деп айткам. Элге ачык, ЖМКга жарыя болгондой жооп берейин, ИИМ үчүн гана жазып берейин дегем.

Атамбаевдин оозун басыш үчүн бийлик өз элин аткылоого барды. Бул- уят иш. Бийликке айтарым: “Токтогула!”

“Күч структураларына айтарым: өз элиңерди аткылабагыла. Силерге буйрук бергендер качып кетет, силер каласыңар. Силер антты үй-бүлөңөргө эмес, элге бергенсиңер” деп айтып, аны колдогон элге ыраазылыгын билдирди.

7-августта күч структуралары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны кармаганы барып, ал жакта жүргөн жарандарды аткылаган.

Натыйжада бир канча ондогон киши жаракат алып, ооруканага түшкөн жана атайын багыттагы отряддын кызматкери алган жаракатынан каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты