Миграциялык мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу «жашыл коридор» киргизилди
- 1 неделя мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга административдик санкциялар колдонулбастан, өлкө аймагнан ыктыярдуу чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында президенттин «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы кабыл алынгандыгын маалымдайт.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейинки мезгилде жүргөн жери боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл.
Ички иштер органдарынан көрсөтүлгөн документти алгандан кийин чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чыгуу визаны тариздөө үчүн электрондук визанын расмий сайты аркылуу өз алдынча өтүнмө берүүгө тийиш: www.evisa.e-gov.kg.
Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк жарандарга:
-чыгуучу виза визалык жыйым алынбастан таризделет;
-Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айып пул колдонулбайт.
Министрлик бул механизмди пайдалануу үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына өз алдынча кайрылуу, андан соң Тышкы иштер министрлигинин www.evisa.e-gov.kg расмий сайты аркылуу үчүнчү жактардын жана ортомчулардын катышуусуз өтүнмө берүү зарыл экендигин өзгөчө белгилейт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




