​Кой-Таштагы окуяда бир киши каза тапты

  • 5 лет мурун

Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августтагы атайын операцияда Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 25 киши жаткырылды.

Бул тууралуу оорукананын директору Сабыр Жумабеков билдирди.

“Атайын отряддын эки аскери ок жеген, алардын бири каза болуп калды. Ок анын жүрөгүнө жана өпкөсүнө кирген. Экинчисине операция жасалды, ал оор абалда” деп билдирди Жумабеков.

7-августта Кой-Ташта Улуттук коопсуздук комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Анын учурунда бир канча ондогон кишилер жаракат алышканы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты