​Икрамжан Илмияновдун иши сотто карала баштайт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 31-июлда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин карала баштайт.

Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Икрамжан Илмиянов алдоо жолу менен 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп шектелүүдө.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Мурда Илмияновдун 28-августка чейин камакта болору айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты