Келерки жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат
- 1 неделя мурун
Агартуу министрлиги тарабынан жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилди.
Ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.
Ошол эле учурда окуу программаларынын толук өздөштүрүлүшүн жана билим берүү процессинин сапатын сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөт.
Окуучулардын билим берүү программаларын толук өздөштүрүүсүн жана окуу пландарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү процессин уюштурууга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Билим берүү программаларынын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу максатында 6–11-класстардын окуучулары үчүн окуу жылынын жүрүшүндө ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнүн өткөрүү каралууда.
Кошумча окуу күндөрүнүн графиги жалпы билим берүү уюмдары тарабынан билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өз алдынча түзүлүп, окуучулардын ата-энелери жана тиешелүү аймактык билим берүү башкаруу органдары менен макулдашылат.
Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




