Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку Сотто кароо 21-августка жылдырылды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 16-июлда, Жогорку сот отурумунда “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри, экс—элчи Чотоновдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу каралмак. Сот отуруму 21-августка жылдырылып калды.
Сот отурумунун жылдырылышынын себеби бул ишке байланыштуу материалдар көлөмдүү болгондуктан, сот аны карап жетишпей калганы айтылды
Орус бизнесмени жана экс-депутаты Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган.
Россияда мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевскийди «Альфа-банк» ээлеринин бири Петр Авен менен Михаил Фридмандан 50 млн доллар опузалап доолады деп айыптап жатышат.
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү