​Батукаевдин бошотулушу боюнча кармалган экс-прокурор үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Батукаевдин бошотулушу боюнча кармалган мурдагы прокурор үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаза аткаруу мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча экс-прокурор М. А. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган. Ага Кылмыш- Жаза кодексинин 43-319-беренелери боюнча, коррупцияга катышуу боюнча айып тагылган.

Баш прокуратуранын маалыматы боюнча А.М. прокуратура тармагынан өз арызы менен кеткендиги айтылды.

Учурда экс-прокурордун иши сотко чейинки өндүрүштө тергелип жатат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 29-майда экс-прокурор А,М. үй камагына чыгарылган.

Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак дартына чалдыкты, абалы кыйын деп абактан бошотулган.

Батукевдин бошотулушу боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, бир нече врач кармалган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камалып жавна үй камагына чыгарылган. Нарындын мурдагы соту Ж. Э. нин жоопкерчилиги карала баштаган.

Батукаевдин сүрөтү: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты