​Баш прокуратура Дамир Мусакеевдин өкүмү тууралуу билдирди

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура 24-майда Свердлов райондук соту (судья Инара Гилязетдинова) УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев кызматтык батирди мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы үчүн коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды деп билдирди.

Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, 70 миң сом (700 эсептик көрсөткүчтөгү) айып салынып, сот залында камакка алынгандыгы айтылды.

Билдирүүдө айтылгандай, тергөө органдары тарабынан Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматын жетектеп турган кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланып, аталган кызматтын өзүнө жакын кызматкерлердин кызыкчылыгын көздөгөндүгү аныкталды деди.

Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, кезекти эске албай, биринчи тизмеде тургандарга карабай, акыркы кезекте тургандарга кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөндүгү боюнча айыпталган,- деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Айта кетсек, Дамир Мусакеевге Кылмыш-Жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу жана 320-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылган.

Кечээ, 25-майда Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратып жана 70 миң сом айып пул салган чечим чыгарганы маалым болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты