Динара Сагынбаеваны үй камагына чыгарышты
- 5 лет мурун
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынган Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Биринчи май райондук соту 22-майда анын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаеванын камалышына Азиз Батукаевдин рак дартына кабылгандыгына байланыштуу медициналык корутунду себеп болгон.
Бул иш боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качыналиев жана бир нече врач кармалган.
Батукаев 2006-жылы оор кылмыштар боюнча 16 жылга кесилген.
2013-жылы Нарындын соту анын рак дартына кабылды деген медициналык корутундунун негизинде түрмөдөн бошоткон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.