​Мурат Мухтарович Ауэзов манасчы Таланталы Бакчиевдин талапкерлигин колдойт

  • 5 лет мурун

Казак элинин көрүнүктүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу, профессор Мурат Ауэзов манасчы Таланталы Бакчиевдин талапкерлигин жаңы түзүлгөн “Манас жана Чыңгыз Айтматов» улуттук академиясын жетектөөгө дайындоого сунушун билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кат жолдогон.

Анда Мурат Мухтарович Президенттин “Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясын” түзүү жөнүндө жарлыгын Казакстанда кубанып кабыл алгандарын жазат:

“Мен жана менин мекендештерим сиздин “Манас жана Чыңгыз Айтматов» академиясын түзүү тууралуу жарлыгыңызды туугандык сезим менен кубанып кабыл алдык.

Бул тарыхый мааниси бар окуя. Бул дүйнөлүк масштабдагы мааниси бар шедеврди байытууга, аны системалуу иликтөөгө багытталган” деп белгилейт Мурат Мухтарович.

Кыргызстанда аталган академияны башкарууга бир катар татыктуу талапкерлер бар экенин айтып келип, “анын ичинде таланттуу манасчы, филология илимдеринин доктору, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин урпактарынан жана ишин улантуучуларынан болгон Таланталы Бакчиевди сунуш кыларын” билдирген.

«Манас жана Чыңгыз Айтматов» улуттук академиясын түзүү тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 31-январда жарлык кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты