“Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлөт

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлөтСооронбай Жээнбеков 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Анын максаты “Манас” эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө болуп саналат.

Академия “Манас” эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий, адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле  илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтөт.

Академияга илимий-практикалык, илимий-техникалык конференция, долбоор, конкурс, симпозиум ж.б. иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштуруу, илимий-изилдөө, илимий-популярдуу эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалуу басылмаларды чыгаруу, аудио-визуалдык, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо сунушталды.

Ошондой эле Улуттук академия эл аралык гуманитардык комплекстүү программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин диалогдору жана жолугушуулары өтүүчү аянтча катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылат.

“Манас” эпосун, кыргыз элинин башка эпикалык жана руханий мурасын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде жайылтуу боюнча чыгармачыл бирликтердин, жарандык коомдун башка уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоп, иш-чаралардын комплекстүү тематикалык планын илимий-изилдөө, агартуу, маалыматтык-коммуникациялык иштин негизинде иштеп чыгат жана анын ишке ашырылышын камсыз кылат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганы жөнүндө 2018-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирген.

Бул жарлык жана анын мааниси тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыя кылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты