Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атадагы үй-музейинде Мурат Ауэзовдун айкели ачылды
- 3 месяца мурун
Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейинде Мурат Мухтарович Ауэзовдун үй-музеий ачылды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ауэзовдун үй-музей китепканасынла Ысык-Көл форумунун алкагында белгилүү Казакстандын коомдук ишмери, дипломат жана маданият таануучу Мурат Мухтарович Ауэзовдун бюстунун салатанттуу ачылыш аземи 20-июнда өттү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кытай эл жазуучусу Мо Янь, мамлекеттик орган өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Казакстандын элчилигинин, маданият тармагынын өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар жана коомчулук катышты.
Ачылыш аземде Султан Раев жана Зифа-Алуа Ауэзова сөз сүйлөп, Мурат Ауэзовдун түок дүйнөсүнүн маданий байланыштарын өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды чыңдоого жана кыргыз-казак элдеринин кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.
Мурат Ауэзов — казактын айтылуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу. Чолпн-Ата шаарында Мухтар Ауэзовдун үй-музейи жайгашкан.
Сүрөт: Маданият министрлиги




