Президент Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктады.
Ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Касым-Жомарт Токаев бүгүн 66 жашка толду. ал 20-мартта президенттик ишине киришип, ант берген. 19-мартта Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткен.
9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү