​Казакстанда 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

  • 5 лет мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын бүгүн, 9-апрелде, калкка кайрылуусунда билдирди.

Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин 19-мартта жарыя кылган. Ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин башчысы жана «Нур Отан» партиясынын жетекчиси кызматтарын сактап калган.

Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, Казакстандын президенти кызматына киришкен.

Ошол эле күнү өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламенттин спикерлигине шайланган. Талдоочулар Назарбаеваны өлкө башчылыгына негизги талапкер катары эсептеп келишет.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев — сенаттын мурдагы төрагасы, Казакстандын экс-премьер-министри жана мурдагы тышкы иштер министри.

Назарбаевдин 19-марттагы жарлыгына ылайык, ал президенттин ыйгарым укуктары аяктай турган 2020-жылдын декабрына чейин мамлекет башчынын милдеттерин аткарышы керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты