​Парламентте паспорт тендери, “КТ Мобайлдагы” айлык боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында паспорт тендери, “КТ Мобайлдагы” коомчулукта айтылган, ЖМКда жарыяланган маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Депутат Дастан Бекешов паспорт чыры боюнча парламент өз позициясын билдирип, депутаттык комиссия түзүшү керек экенин билдирди.

Рыскелди Момбеков кезинде “Альфателеком” , “КТ Мобайл” боюнча парламент көңүл бурбай, аны иликтегендерди калпычы катары көрүшкөнүн айтты.

Жанар Акаев ошондой эле «КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясынын тегерегиндеги сөз, Өкмөт башчынын бажасы, бажасынын баласы аралашкан маселе, андагы айлык акы ж.б. парламент иликтеп чыгышы керек экенин билдирди.

Бакыт Төрөбаев мамлекеттик мекеме, “Кыргызэнергохолдинг”, “КТ Мобайлдагы” айлык маселесин кеңири кароо керектигин сунуштады.

Төрага Дастан Жумабеков бул сунуштарды фракция же комитет атынан парламентке алып чыгуу керек экенин айтты.

Учурда паспорт тендери боюнча чуу чыгып, жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Ошондой эле бул маселеде Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун да катышы тууралуу сөз жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты